Кыямат күнү Аллах жети адамды өз көлөкөсүнө алат – улуу хадис
Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух Абу Хурайра (ر.а.) Пайгамбардан (с.а.в.) мындай деп риваят кылган: (Кыямат күнү эч кимдин көлөкөсү болбогондо, Аллах жети кишини Өз көлөкөсүнө алат: адил башкаруучу, ибадатта өскөн жигит, жүрөгү мечиттерге байланган киши, Аллах үчүн бири-бирин сүйүп, ошол себептен жолугушуп, ошол себептен ажырашкан эки киши, көрктүү жана атактуу аял чакырып "Мен Аллахтан корком" деген киши, оң колу берген садакасын сол колу билбегидей кылып жашырган киши, жалгыз калып Аллахты эстеп, көзүнөн жаш аккан киши). Ойлоп көрсөңөр, Аллахтын рахматы канчалык улуу, ошол оор күнү бизди өзгөчө коргоосу менен сактайт. Аллахтан ушулардан болууну, амалдарыбызды чын ыкластан жүзүнө арналышын сурайбыз. Оо, Раббим, бизге ыклас жана кабыл алуу насип кыл.