Алыскы жана байланышсыз жашаган эжем үчүн дуба
Бир жолу Islamqa.info сайтынан күйөөсү аялына ата-энесине барууга тыюу сала аларын, аялдар күйөөлөрүнө баш ийиши керек деген өкүмдү окугам. Менин эжем алыс жашайт, чынын айтсам, мен да, анын өз үй-бүлөсү да аны жылдардан бери көргөн жокпуз. Телефону да жок болгондуктан чала албайбыз, анан күйөөсү менен анын үй-бүлөсү үйүнө кайтууга уруксат бербейт. Эжемдин жүзү эсимде да калган эмес. Күйөөсүнө кайрылган сайын шылтоо айтат же эжем тил албай жатат деп, аны жамандай баштайт. Аны менен сүйлөшүүгө жол бербейт, эжем биздин жашообузда эч качан болбогондой сезилет. Эркек төрөбөсө, ажырашабыз деп коркутушкан. Суранам, ал үчүн дуба кылгылачы. Ага эжесинин тойуна да катышууга уруксат беришкен эмес.