Эмнеге сен?
Сен ойлойсуң, "Эмнеге мен?" Сен! Анткени Аллаh сенин көзүңдөн аккан ар бир тамчы менен күнөөлөрүңдү кетиргиси келет. Сен алаканыңды дубага көтөргөн сайын, Ал соопторуңду көбөйткүсү келет. Жүрөгүң сыздап турса да, сабырдуулукту карманып жатып, ар бир чыдамың менен Жаннаттагы ордуңду көтөргүсү келет. Азгана кайгы менен сынап, чексиз кубаныч бергиси келет. Анткени Аллаh сени ойлойт.